КАМОО-ТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМОО-ТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда. Таза-Кемин тоосунун түн.-чы­гыш капталында, Кичи Кемин суусунун баш жагында, деңиз деңг. 2900–3250 м бийикте жай­гашкан. 1988-ж. табылып, 1988–94-ж. издөө­баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы акыр­кы рифей плагиограниттери, акыркы ордовик сиениттери жиреп өткөн көпүрө-сай свитасынын рифейдеги метаморфизмделген сланецтеринен түзүлгөн. Кен метаморфизмделген сланецтер­деги тектон. жаракалардын субмеридиандык ж-а түн.-чыгыш багыттагы кошулган жери м-н байланышкан. Жаракаларды бойлой гидро­терм процесстеринен өзгөргөн сланецтер тилке­синде кварц тарамдары, сульфиддик минерал­дар кездешет. Кенташ тарамдары алтын-суль­фид-кварц формация тибине кирет. Негизги минералдары: алтын, пирит, арсенопирит, га­ленит, сфалерит, күмүш, электрум ж. б. Кенташ­тагы алтындын орт. өлчөмү 7,55 г/T , күмүш – 37,12 г/T . Запасы 869,9 миң T , алтын – 6,57 T , күмүш – 32,29 T .