КАМОО-ТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ
КАМОО-ТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ Чүй облусунун Кемин районунда. Таза-Кемин тоосунун түндүк-чыгыш капталында, Кичи Кемин суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 2900–3250 м бийикте жайгашкан. 1988-жылы табылып, 1988–94-жылдарда издөө баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы акыркы рифей плагиограниттери, акыркы ордовик сиениттери жиреп өткөн көпүрө-сай свитасынын рифейдеги метаморфизмделген сланецтеринен түзүлгөн. Кен метаморфизмделген сланецтердеги тектоникалык жаракалардын субмеридиандык ж-а түндүк-чыгыш багыттагы кошулган жери м-н байланышкан. Жаракаларды бойлой гидротерм процесстеринен өзгөргөн сланецтер тилкесинде кварц тарамдары, сульфиддик минералдар кездешет. Кенташ тарамдары алтын-сульфид-кварц формация тибине кирет. Негизги минералдары: алтын, пирит, арсенопирит, галенит, сфалерит, күмүш, электрум ж. б. Кенташтагы алтындын орточо өлчөмү 7,55 г/т , күмүш – 37,12 г/т . Запасы 869,9 миң т , алтын – 6,57 т , күмүш – 32,29 т .