КАММИНГС
КА́ММИНГС Эдуард Эстлин (14. 10. 1894, Массачусетс штаты, Кембриж –1962, Түн. Конуэй) –
амер. акын, жазуучу, сүрөтчү. Футуризмге ыктаган лирик-урбанист; трагедиялык ж-а сатиралык интонацияларды кезектештирип берүү аркылуу бурж.-рационалисттик турмуштун бүлүнүшүн чагылдырган бунтчул-индивидуалист.
К. – «Тандалган 100 ыр» (1959), «6 антилекция»
(1953) ж. б. ыр жыйнактарынын «Чоң камера» (1922) романынын автору. Кубизмге ыктаган
«Үн», «Чуу» (1919–25) живопистик сериялары
бар. 1931-ж. СССРге келип кеткен.
Чыг.: Избранные стихотворения // Пер. В. Британишского. М., 2004.