КАММИНГС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ММИНГС Эдуард Эстлин (14. 10. 1894, Масса­чусетс штаты, Кембриж – 3. 9. 1962, Түндүк Конуэй) – америкалык акын, жазуучу, сүрөтчү. Футуризмге ык­таган лирик-урбанист; трагедиялык жана сати­ралык интонацияларды кезектештирип берүү аркылуу буржуазиялык-рационалисттик турмуштун бү­лүнүшүн чагылдырган бунтчул-индивидуалист.
Каммингс – «Тандалган 100 ыр» (1959), «6 антилекция» (1953) жана башка ыр жыйнактарынын, «Чоң камера» (1922) романынын автору. Кубизмге ыктаган «Үн», «Чуу» (1919–1925) живопистик сериялары бар. 1931-жылы СССРге келип кеткен.

Чыгармалары.: Избранные стихотворения // Пер. В. Брита­нишского. М., 2004.