КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА – аткаруучулардын ча­кан тобу чакан жайда аткарууга арналган ас­паптык же вокалдык чыгарма. Адеп пайда бол­гондо (о. кылымда) саналуу гана угуучулар үчүн аткарылса, 19-к-дан чоң концерт залында ойноло баштаган. К. м. 16-к-дын аягына че­йин вокалдык жанр, 17-к-дан аспаптык музы­ка деп аталган. 16–18-к-да ал термин гражд. музыканы да туюндурган. Азыркы камера­лык-аспаптык ансамблдин түрлөрү (трио, квар­тет ж. б.) веналык классикалык мектептин өкүл­дөрүнүн (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. Бетховен) чыг-лыгында пайда болгон. 18-к-дын аягында, айрыкча 19-к-да вокалдык К. м-га көрүнүктүү орус композиторлору да кайрылган. К. м. кыр­гыз профессионал музыкасында да кеңири өнүгүүдө, к. Кыргыз академиялык камералык хору.