КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА – аткаруучулардын ча­кан тобу чакан жайда аткарууга арналган ас­паптык же вокалдык чыгарма. Адеп пайда бол­гондо (орто кылымда) саналуу гана угуучулар үчүн аткарылса, XIX кылымдан чоң концерт залында ойноло баштаган. Камералык музыка XVI кылымдын аягына че­йин вокалдык жанр, XVII кылымдан аспаптык музы­ка деп аталган. XVI–XVIII кылымдарда ал термин жарандык музыканы да туюндурган. Азыркы камера­лык-аспаптык ансамблдин түрлөрү (трио, квар­тет жана башкалар) веналык классикалык мектептин өкүлдөрүнүн (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. Бетховен) чыгармачылыгында пайда болгон. XVIII кылымдын аягында, айрыкча XIX кылымда вокалдык камералык музыкага көрүнүктүү орус композиторлору да кайрылган. Камералык музыка кыр­гыз профессионал музыкасында да кеңири өнүгүүдө, к. Кыргыз академиялык камералык хору.

Президенттик камералык оркестр, Бишкек шаары.
Камералык музыканын архиви. «Музыкалык жашоо» сынчыл-публицистикалык журналы.