КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА
КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА – аткаруучулардын чакан тобу чакан жайда аткарууга арналган аспаптык же вокалдык чыгарма. Адеп пайда болгондо (о. кылымда) саналуу гана угуучулар үчүн аткарылса, 19-к-дан чоң концерт залында ойноло баштаган. К. м. 16-к-дын аягына чейин вокалдык жанр, 17-к-дан аспаптык музыка деп аталган. 16–18-к-да ал термин гражд. музыканы да туюндурган. Азыркы камералык-аспаптык ансамблдин түрлөрү (трио, квартет ж. б.) веналык классикалык мектептин өкүлдөрүнүн (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. Бетховен) чыг-лыгында пайда болгон. 18-к-дын аягында, айрыкча 19-к-да вокалдык К. м-га көрүнүктүү орус композиторлору да кайрылган. К. м. кыргыз профессионал музыкасында да кеңири өнүгүүдө, к. Кыргыз академиялык камералык хору.