КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ – ар кандай формадагы бир жолу колдонулуучу материал­дар. Баштапкы К. м. ж-а калыптоо аралашма­сы болуп айырмаланат. Баштапкы К. м. калып­тоо ж-а стержендик аралашмаларды даярдоодо колдонулат. К. м. толтуруучу, байланышты­руучу ж-а жардамчы болуп бөлүнөт. Толтуруу­чу К. м-на өрткө туруштук берүүчү кварц куму (мис., хромит) ж-а атайын материалдар (мис., чоюн бытыра) кирет. Кеңири таралган кварц ку­мунун негизин өрткө чыдамдуу (1710°С) ж-а ка­туулугу 5,5 – 7 (Моос шкаласы б-ча) кварц (SiO2) түзөт. Курамынын 50%и чоподон турса, ч о п о К. м. деп аталат. Бүртүкчөлөрүнүн өлчөмүнө жараша чополуу кум атайын электен өткөрүлүп, өзүнчө топторго бөлүнөт. Өтө кесектери чоюн куюлмаларында, орточосу ж-а майдасы чоюн ж-а болот куюлмаларында, өтө майдалары – жука чоюн ж-а болот, о. эле түстүү аралашма­ларды куюуда колдонулат. Кошумча материал­дар м-н куйма кошулманын сапатын жогору­латып, легирленген, отко туруктуу жабдуулар алынат.