КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ – ар кандай формадагы бир жолу колдонулуучу материал­дар. Баштапкы калыптоо материалдары жана калыптоо аралашма­сы болуп айырмаланат. Баштапкы калыптоо материалдары калып­тоо жана стержендик аралашмаларды даярдоодо колдонулат. Калыптоо материалдары толтуруучу, байланышты­руучу жана жардамчы болуп бөлүнөт. Толтуруу­чу калыптоо материалдарына өрткө туруштук берүүчү кварц куму (мисалы, хромит) жана атайын материалдар (мисалы,чоюн бытыра) кирет. Кеңири таралган кварц кумунун негизин өрткө чыдамдуу (1710°С) жана ка­туулугу 5,5 – 7 (Моос шкаласы боюнча) кварц (SiO2) түзөт. Курамынын 50%и чоподон турса, ч о п о калыптоо материалдары деп аталат. Бүртүкчөлөрүнүн өлчөмүнө жараша чополуу кум атайын электен өткөрүлүп, өзүнчө топторго бөлүнөт. Өтө кесектери чоюн куюлмаларында, орточосу жана майдасы чоюн жана болот куюлмаларында, өтө майдалары – жука чоюн жана болот, ошондой эле түстүү аралашма­ларды куюуда колдонулат. Кошумча материал­дар менен куйма кошулманын сапатын жогору­латып, легирленген, отко туруктуу жабдуулар алынат.