КАЛЫП (техникада)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫП т е х н и к а д а – 1) куюлмаларды (металл, айнек, желим, бетон, кыш, таш ж. б.) алууда колдонулуучу форма. К-ка эритилген же атайын кошулмалардын негизинде даярдалган материал куюлат. Ысыкка чыдамдуу, бышык бекем материалдан даярдалат. Ар кандай түр­лөрү бар. Бетон ж-а темир-бетон констр-ларды көтөрүүдө арматура ж-а бетон аралашмасы са­лынуучу форма. К. жыгач, металл, темир-бе­тон, пластмасса, карапа ж. б. материалдан даяр­далат. Ажыратып кайра коюлма, көлөмдүү­блоктуу ж-а жылдырылма (кыймылдуу) К-тар кеңири тараган.