КАЛЧА СЕЛЕНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЧА СЕЛЕНИ́Т КЕНИ Баткен р-нунда, Кал­ча кыш-нан 4–6 км чыгышта, Түркстан кырка тоосунун түн. этегинде. 1970-ж. табылып, 1972-ж. чейин чалгындалган. Кен аймагын палеоген мез­гилинде пайда болгон кумдук, чопо, акиташ тектери түзөт. Селенит кызгылтым, мала кы­зыл түстө, була сымал майда кристаллдардан турат, калыңдыгы 30–35 м болгон акиташ те­гинин арасында линза, уя түрүндө кездешет. Катмардан калыңдыгы 20 смге жеткен 20га жа­кын селенит линзасы табылган. Запасы 10 млн тдай. Кооз буюмдарды жасаса болот.