КАЛЧА СЕЛЕНИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛЧА СЕЛЕНИ́Т КЕНИ Баткен районунда, Калча кыштагынан 4–6 км чыгышта, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде. 1970-жылы табылып, 1972-жылга чейин чалгындалган. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон кумдук, чопо, акиташ тектери түзөт. Селенит кызгылтым, мала кызыл түстө, була сымал майда кристаллдардан турат, калыңдыгы 30–35 м болгон акиташ тегинин арасында линза, уя түрүндө кездешет. Катмардан калыңдыгы 20 смге жеткен 20га жакын селенит линзасы табылган. Запасы 10 млн тдай. Кооз буюмдарды жасаса болот.