КАЛЧА ПИРОКСЕНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЧА ПИРОКСЕНИ́Т КЕНИ Баткен р-нунда, Калча кыш-нан 4 км түш.-чыгыш тарапта, Сох суусунун сол өйүзүндө. 1973–75-ж. табылган. Кен силур мезгилинде пайда болгон сланецтин ара­сында жайгашып, 50x160 м аянттагы пироксе­нит штогунан турат. Пироксенит ири кристаллдуу, ачык жашыл түстө. Иретсиз жайгашкан крис­таллдар тоо текке кооз түс берип турат. Өтө жаракалуу болгондуктан, блок чыкпайт. Оңой сайкалданат. Запасы 1,5 млн м3. Майда кооз буюмдарды жасаса болот.