КАЛЧА ПИРОКСЕНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЧА ПИРОКСЕНИ́Т КЕНИ Баткен районунда, Калча кыштагынан 4 км түштүк-чыгыш тарапта, Сох суусунун сол өйүзүндө. 1973–75-жылдарда табылган. Кен силур мезгилинде пайда болгон сланецтин ара­сында жайгашып, 50x160 м аянттагы пироксе­нит штогунан турат. Пироксенит ири кристаллдуу, ачык жашыл түстө. Иретсиз жайгашкан крис­таллдар тоо текке кооз түс берип турат. Өтө жаракалуу болгондуктан, блок чыкпайт. Оңой сайкалданат. Запасы 1,5 млн м3. Майда кооз буюмдарды жасаса болот.