КАЛТАР ТҮЛКҮ
КАЛТАР ТҮЛКҮ (Alopex lagopus) – карышкырлар тукумундагы сүт эмүүчү жырткыч айбанат. Дене уз. 50–75 см, салм. 6–10 кг, куйругунун уз. 40 смдей. Куйругунун жүнү калың. Түсү б-ча

ак ж-а көгүлтүр К. т-гө бөлүнөт. К. т. тундра, токойлуу тундрада жашайт. Көгүлтүр К. т. негизинен Командор а-нда кездешет. К. т. кемирүүчүлөр (лемминг, момолой), чымчык ж-а алардын жумурткалары, жер-жемиш ж. б. м-н азыктанат. 7–12ден бачики тууйт. К. т. түндүктө куну тери промыселинин негизин түзөт. Айрыкча көгүлтүр К. т. абдан баалуу. Ал куну айбанат чарбаларында капаста багылат. К. т. терисинен тон, кийимдин жакасы, тумак ж. б. тигилет.