КАЛТАР ТҮЛКҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛТАР ТҮЛКҮ (Alopex lagopus) – карышкыр­лар тукумундагы сүт эмүүчү жырткыч айбанат. Дене узундугу 50–75 см, салмагы 6–10 кг, куйругунун узундугу 40 смдей. Куйругунун жүнү калың. Түсү боюнча

ак ж-а көгүлтүр калтар түлкүгө бөлүнөт. Калтар түлкү тундра, токойлуу тундрада жашайт. Көгүлтүр калтар түлкү неги­зинен Командор аралында кездешет. Калтар түлкү кемирүү­чүлөр (лемминг, момолой), чымчык ж-а алар­дын жумурткалары, жер-жемиш ж. б. м-н азык­танат. 7–12ден бачики тууйт. Калтар түлкү түндүктө куну тери промыселинин негизин түзөт. Айрыкча көгүлтүр калтар түлкү абдан баалуу. Ал куну айбанат чарбаларында капаста багылат. Калтар түлкү терисинен тон, кийимдин жакасы, тумак ж. б. тигилет.