КАЛПА
КАЛПА (ар. – «халифа» – мураскор, орун басар) – 1) Октябрь рев-ясына чейин О. Азияда, а. и. Кырг-ндын аймактарында кеңири тараган сопулар жамааттарынын өкүлү. «Халифа» термини кыргыз тилинин лексикалык өзгөчөлүгүнө ылайык «калпа» болуп трансформацияланган түрдө кирген ж-а эшендин жолун жолдоочу, ишин улантуучу дин адамын билдирген. К. инту кыргыздын коомдук-саясий турмушунда мамл. деңгээлдеги саясий же диний бийликке ээ болгон эмес. К-лар диний үгүт жүргүзүшкөн; 2) медресе окуучуларын көзөмөлдөөчү, к. Халиф.