КАЛПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛПА (ар. – «халифа» – мураскор, орун ба­сар) – 1) Октябрь революциясына чейин Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстандын аймактарында кеңири тараган сопулар жамааттарынын өкүлү. «Халифа» тер­мини кыргыз тилинин лексикалык өзгөчөлүгүнө ылайык «калпа» болуп трансформацияланган түрдө кирген ж-а эшендин жолун жолдоочу, ишин улантуучу дин адамын билдирген. Калпа институ­ту кыргыздын коомдук-саясий турмушунда мамлекеттик деңгээлдеги саясий же диний бийликке ээ болгон эмес. Калпалар диний үгүт жүргүзүшкөн; 2) медресе окуучуларын көзөмөлдөөчү, к. Халиф.