КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Папан кыш-нан түш.- чыгыш тарапта, Ак-Буура ж-а Гүлчө суулары­нын аралыгында. 1966-ж. табылган. Кен айма­гында лава тоо тектери тараган. Алардын ара­сында калыңдыгы 0,2–0,5 мге, чанда 3 мге, уз. 5–300 мге жеткен сүттөй ак кварц тарамдары кезигет. Бул тарамдарда бийикт. 2–3 см, эни 0,6–1 см тоо хрусталынын топтошкон кристалл­дары учурайт. Кристаллдар тригон, призма түрүндө, төбөсү ромбоэдр. Тоо хрусталынан зер­гердик кооз буюмдарды жасоого болот.