КАЛМУРЗАЕВ
КАЛМУРЗАЕВ Каный Егизбаевич (3. 2. 1932, Кызыл-Кыя – 1998, Бишкек) – геолог ж-а геохимик, геология-минералогия ил. доктору (1972). Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1977), КРдин мамл. сыйл. лауреаты (1995).

Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1957). Кыргыз ССР ИАнын Геол. ин-тунун кенже (1957), улук (1965) ил. кызматкери, сектор башчысы (1973), Сейсмология ин-тунун директору (1975– 88), К ыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы ж-а механикасы интунда лабор. башчысы (1988– 98). 140тан ашык ил. эмгектин автору (а. и. 10 монография). Эмгектери негизинен Теңир-Тоо бүктөлүү системасындагы байыркы тоо тектердин геол. түзүлүшүн, курамын ж-а кен-байлык-
тарды изилдөөгө, формация-геохим. анализдөөгө арналган. Кембрий м-н ордовикте пайда болуп, металлдар кеңири тараган каралжын сланецтерди Түркстан-Алай, Заравшан, Кызыл-Кум ж-а Нура-Тоо аймактарында толук изилдеп, курамында сейрек, чачыранды ж. б. баалуу хим. элементтер бар көмүртек-кремнийлүү каралжын формациясын өз алдынча структура-формациялык ж-а стратигр. бирдик катары бөлгөн. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: К палеографии протерозоя и нижнего палеозоя Тянь-Шаньской складчатой системы //«Изв. АН Кирг. ССР». В. 4. 1972; О принципах комплексного сейсмического районирования // Сейсмо-тектоника некоторых районов Юга СССР. М., 1976.