КАЛМУРЗАЕВ
КАЛМУРЗАЕВ Каный Егизбаевич (3. 2. 1932, Кызыл-Кыя – 1998, Бишкек) – геолог ж-а геохимик, геология-минералогия илимдеринин доктору (1972). Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1977), КРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1995).

Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1957). Кыргыз ССР ИАнын геология институтунун кенже (1957), улук (1965) илимий кызматкери, сектор башчысы (1973), сейсмология институтунун директору (1975– 88), Кыргыз ССР ИАнын тоо тектеринин физикасы ж-а механикасы институтунда лаборатория башчысы (1988–98). 140тан ашык илимий эмгектин автору (анын ичинде 10 монография). Эмгектери негизинен Теңир-Тоо бүктөлүү системасындагы байыркы тоо тектердин геология түзүлүшүн, курамын ж-а кен-байлыктарды изилдөөгө, формация-геохимиялык анализдөөгө арналган. Кембрий м-н ордовикте пайда болуп, металлдар кеңири тараган каралжын сланецтерди Түркстан-Алай, Заравшан, Кызыл-Кум ж-а Нура-Тоо аймактарында толук изилдеп, курамында сейрек, чачыранды ж. б. баалуу химиялык элементтер бар көмүртек-кремнийлүү каралжын формациясын өз алдынча структура-формациялык ж-а стратигр. бирдик катары бөлгөн. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: К палеографии протерозоя и нижнего палеозоя Тянь-Шаньской складчатой системы //«Изв. АН Кирг. ССР». В. 4. 1972; О принципах комплексного сейсмического районирования // Сейсмо-тектоника некоторых районов Юга СССР. М., 1976.