КАЛМАТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАТАЙ – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нун­дагы кыштак. Карагуз айыл округуна караш­туу. Карагуз суусунун (Тардын куймасы) чаты­на жакын, деңиз деңг. 1240 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыш-нан 13 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 102 км. Калкы 1235 (2010); негизинен мал м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.