КАЛМАТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАТАЙ – Ош облусунун Кара-Кулжа районун­дагы кыштак. Карагуз айыл округуна караш­туу. Карагуз суусунун (Тардын куймасы) чаты­на жакын, деңиз деңгээлинен 1240 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 13 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 102 км. Калкы 1107 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.