КАЛМАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–4-к-нда­гы хунн дооруна таандык археол. эстелик. Ат-

Башы суусунун оң жээгиндеги тектирчеде жайгашып, 200 дөбө-мүрзөдөн турат. Маркум­дардын сөөктөрү казанактуу жайга коюлган. Карапа идиштер, жыгач табактар, жаа (уз. 130 см) ж-а анын темир жебелери, о. эле төрт бурчтуу, жапыз жыгач столдун үстүндөгү кой­дун жиликтери, бычак табылган. 1944-ж. архе­олог А. Н. Бернштам, 1955-ж. А. Кибиров изил­деген. Учурда көрүстөндөрдүн көбү курулуш иш­теринин натыйжасында бузулган.

К. Табалдиев.