КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗ – омурткалуу жаныбар м-н адамдын зат алмашуусун жөнгө салуучу без (к. Ички секреция бездери). Адамдын кекирте­гинин алды жагында, көмөкөй кемирчегинен орун алган жалкы орган. Формасы калкан же такага окшош. Эки тилкеси бир моюнчага ко­шулат, салмагы 25–30 гга жетип, жаш өткөн сайын көлөмү кичиреет, бирок сууда йод аз жерде чоңоюп кетиши ыктымал. Ал тироксин гормонун бөлүп чыгарат. Анын гормон иштеп чыгуусу башка ички секреция бездеринин (ги­пофиз, бөйрөк үстүндөгү без, жыныс бездери) иштешине, чөйрө темп-расына, түрдүү эмоция­лык ж-а физ. дүүлүктүргүчтөргө, организмге та­мак-аш м-н келген йоддун өлчөмүнө жараша болот. Эгер организмде К. с. б-дин гормону же­тишсиз болсо гипотиреоз, миксодема оорусу пайда болот. Жаш балада мээнин өсүшү начар­лап, бою кичине, өңү саргыч тартып, териси кургап, чачы м-н тырмагы сынма болот. Сууда йоддун жетишсиздигинен К. с. б-дин гормондо­ру аз бөлүнүп чыгып, анын көлөмү чоңоёт (эн­демиялык богок). Ал эми гормондордун өтө көп бөлүнүшү базедов оорусуна алып келет.