КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗ
КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗ – омурткалуу жаныбар м-н адамдын зат алмашуусун жөнгө салуучу без (к. Ички секреция бездери). Адамдын кекиртегинин алды жагында, көмөкөй кемирчегинен орун алган жалкы орган. Формасы калкан же такага окшош (аты ошондон). Эки тилкеси бир моюнчага кошулат, салмагы 25–30 гга жетип, жаш өткөн сайын көлөмү кичиреет, бирок сууда йод аз жерде чоңоюп кетиши ыктымал. Ал тироксин гормонун бөлүп чыгарат. Анын гормон иштеп чыгуусу башка ички секреция бездеринин (гипофиз, бөйрөк үстүндөгү без, жыныс бездери) иштешине, чөйрө температурасына, түрдүү эмоциялык ж-а физиологиялык дүүлүктүргүчтөргө, организмге тамак-аш м-н келген йоддун өлчөмүнө жараша болот. Эгер организмде калкан сымал бездин гормону жетишсиз болсо гипотиреоз, миксодема оорусу пайда болот. Жаш балада мээнин өсүшү начарлап, бою кичине, өңү саргыч тартып, териси кургап, чачы м-н тырмагы сынма болот. Сууда йоддун жетишсиздигинен калкан сымал бездин гормондору аз бөлүнүп чыгып, анын көлөмү чоңоёт (эндемиялык богок). Ал эми гормондордун өтө көп бөлүнүшү базедов оорусуна алып келет.