КАЛИФОРНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИФО́РНИЯ , Т ө м ө н к ү К а л и ф о р­н и я – Түн. Американын батышындагы жа­рым арал (Мексиканын Төмөнкү Калифорния штатында). Тынч океан м-н чулганып, материк­тен Калифорния булуңу аркылуу бөлүнөт. Уз. 1200 км, туурасы 50–250 км. Чыгышында жа­нартоо ж-а кристаллдык тектерден турган тоо массивдери 3078 мге чейин көтөрүлөт; батышын тепкичтенип көтөрүлгөн бөксө тоолор (бийикт. 1000–1500 м) ж-а ойдуңдар ээлейт. Тропиктик чөл ж-а субтропиктик жарым чөл өсүмдүктөрү (бадалдар, кактус, агава, юкки) өсөт; тоолорунда токой кездешет. Сугат дыйканчылыгы ж-а баг­банчылык өнүккөн. Ири улуттук паркы – Сьер­ра-де-Сан-Педро-Мартир.