КАЛИФОРНИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛИФО́РНИЯ , Т ө м ө н к ү К а л и ф о р н и я – Түндүк Американын батышындагы жарым арал (Мексиканын Төмөнкү Калифорния штатында). Тынч океан м-н чулганып, материктен Калифорния булуңу аркылуу бөлүнөт. Узундугу 1200 км, туурасы 50–250 км. Чыгышында жанартоо ж-а кристаллдык тектерден турган тоо массивдери 3078 мге чейин көтөрүлөт; батышын тепкичтенип көтөрүлгөн бөксө тоолор (бийиктиги 1000–1500 м) ж-а ойдуңдар ээлейт. Тропиктик чөл ж-а субтропиктик жарым чөл өсүмдүктөрү (бадалдар, кактус, агава, юкки) өсөт; тоолорунда токой кездешет. Сугат дыйканчылыгы ж-а багбанчылык өнүккөн. Ири улуттук паркы – Сьерра-де-Сан-Педро-Мартир.