КАЛИФОРНИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИФО́РНИЙ (лат. Californium), Сf – элемент­тердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобунан орун алган жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү хим. элемент, актиониддерге кирет. Ат. н. 98, ат. м. 251. К-дин 17 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алар­дын ичинен бир кыйла туруктуусу – 251Cf. К-ди 1950-ж. амер. илимпоздор Г. Сиборг, С. Томп­сон ж-а А. Гиорсо кюрий элементинен ядролук реакциянын негизинде алышкан ж-а элемент­ти ачылган жердин атынан (Калифорния шта­ты, АКШ) аташкан. К. – ак металл; эрүү t 986°С; бирикмелеринде +2, +3, +4, +5 ж-а +6 кычкыл­дануу даражасын көрсөтөт. К. кычкылы Cf2O3, оксихлориди Cf2OCl ж-а К-дин нитраттары, суль­фаттары, галогениддери сууда эрийт. К. атом­дук реактордо ядролук реакцияларды изилдөөдө, плутонийди алууда колдонулат.