КАЛИФОРНИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИФО́РНИЙ (лат. Californium), Сf – элемент­тердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобунан орун алган жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү химиялык элемент, актиониддерге кирет. Атомдук номери 98, атмосфералык массасы 251. Калифорнийдин 17 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алар­дын ичинен бир кыйла туруктуусу – 251Cf. Калифорнийди 1950-жылы америкалык илимпоздор Г. Сиборг, С. Томп­сон ж-а А. Гиорсо кюрий элементинен ядролук реакциянын негизинде алышкан ж-а элемент­ти ачылган жердин атынан (Калифорния шта­ты, АКШ) аташкан. Калифорний – ак металл; эрүү t 986°С; бирикмелеринде +2, +3, +4, +5 ж-а +6 кычкыл­дануу даражасын көрсөтөт. Калифорний кычкылы Cf2O3, оксихлориди Cf2OCl ж-а калифорнийдин нитраттары, суль­фаттары, галогениддери сууда эрийт. Калифорний атом­дук реактордо ядролук реакцияларды изилдөөдө, плутонийди алууда колдонулат.