«КАЛИЛА МЕНЕН ДИМНА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАЛИ́ЛА МЕНЕН ДИ́МНА» – араб ж-а фарс тилдериндеги дидактикалык адабий чыгарма. Инди китеби «Панчатантранын» 6-к-дагы фарс тилиндеги котормосу «К. м. Д.» деп аталган.
Ал араб тилине 8-к-да которулган. 1762-ж. бул чыгарма орус тилине «Политические и нравоу­чительные басни Пильпая, философа индейско­го» деген аталыш м-н француз тилиндеги нус­касынан которулган. 10-к-да Рудаки бул чыгар­маны ырга айландырган. «К. м. Д.» түрк, та­тар, өзбек, казак тилдерине да которулган.