«КАЛИЛА МЕНЕН ДИМНА»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КАЛИ́ЛА МЕНЕН ДИ́МНА» – араб ж-а фарс тилдериндеги дидактикалык адабий чыгарма. Инди китеби «Панчатантранын» 6-кылымдагы фарс тилиндеги котормосу «Камила менен Димна» деп аталган. Ал араб тилине 8-кылымда которулган. 1762-жылы бул чыгарма орус тилине «Политические и нравоучительные басни Пильпая, философа индейского» деген аталыш м-н француз тилиндеги нускасынан которулган. 10-кылымда Рудаки бул чыгарманы ырга айландырган. «Камила менен Димна» түрк, татар, өзбек, казак тилдерине да которулган.