КАЛЕНДАРЬ (убакыт­тын аралыгын эсептөө системасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕНДА́РЬ (лат. calendarium – айдын бирин­чи күнү) – асман телолорунун көрүнгөн кыймы-

лынын мезгилдүүлүгүнүн негизинде убакыт­тын узак аралыгын эсептөө системасы. К. түзүүдө күн м-н түндүн, жыл мезгилдеринин алмашуу­су, Ай фазаларынын өзгөрүшү пайдаланылат. Убакыт ченинин бирдиги күн м-н түндүн алма­шуусу – сутка, Айдын Жерди айлануусу – ай, Жердин Күндү толук айлануусу жыл деп кабыл алынган. Натыйжада Ай, Ай-Күн ж-а Күн К-ы пайда болгон. Ай К-ында жыл 12 айдан, ар бир ай 29–30 суткадан туруп, бир жылда 354–355 сутка болгон. Ай К-ы мусулман өлкөлөрүндө та­ралган. Бул К. б-ча жыл эсептөө Мухаммед пайгамбар Мекеден кеткен күн – 622-жылдын 16-июлунан башталат. Мында айдын жаңы­рышы м-н башталып, узактыгы 29 сутка 12 с 44 мин 2,9 секга барабар. Ай – Күн К-ы б-ча 19 жыл 235 айга барабар. Ар бир 19 жылдын ичинде 12 айлуу (29–30 күндүү) 12 жыл ж-а 13 айлуу 7 жыл бар. Бул К. байыркы мезгилде Вавилон, Кытай, Грекия ж-а Римде кеңири та­рап, азыр Кытай, Израиль, Корея, Моңголия, Япония ж. б. өлкөлөрдө колдонулат. Күн К-ы б. з. ч. 4-миң жылдыкта Египетте түзүлгөн. Бул К-да жыл 365 күндөн туруп, ар бир айында 30 күн болгон 12 айга бөлүнөт; жыл аягына эч бир айга киргизилбеген 5 майрам күн кошул­ган. Буга Юлий, Григорий ж. б. К-лар кирет. Ю л и й К-ы б. з. ч. 46-ж. Рим диктатору Юлий Цезардын чечими м-н кабыл алынган. Ал б-ча жыл 365 суткадан, 7 ай 31, 4 ай 30, февраль 28 күндөн турган. Мында ар бир жыл 6 саатка кемип отуруп, 4 жылда 1 суткага жеткен, ошон­дуктан ал сутканы ар бир 4-жылга кошууну чечишкен. Мындай жыл (мис., 1972, 1976, 1980 ж. б.) «узак жыл» (високосный) деп аталып 366 күндөн турат. Бул К. б-ча жылдын орт. узак­тыгы анын табигый убактысынан жылына 11 мин 14 сек ашып отуруп, 128 жылда 1 сутка­га жетип, ыңгайсыздыкты жараткан. Рим па­пасы Григорий XIII, Юлий К-ындагы мүчүлүштү жоюу максатында Г р и г о р и й К-ын түзгөн. Аны түзүүдө белгилүү астроном ж-а математик­тер Игнацио Данти, Луижи Лилио, Христофор Шлюсель катышкан. Жазгы күн м-н түндүн теңелүүсүн 21-мартка тууралап, андан ары анын бул күндөн кечикпешин камсыз кылуу үчүн, 1582-жылдын 4-октябры – бейшембиден ки­йинки он күндү кыскартып, кийинки жума күндү 15-октябрь деп эсептөөгө буйрук кылган. Бул К-да аягы 00 (мис., 1700, 1800, 1900, 2100) м-н бүткөн, бирок 400гө так бөлүнбөгөн ж-а 4кө калдыксыз бөлүнгөн жылдарды узак жылдар эмес деп атоо сунушталган. Бул К. ар кайсы убакта Европа өлкөлөрүндө колдонула баш­таган. СССРде 1918-ж. В. И. Лениндин сунушу б-ча 14-февралдан баштап киргизилген.
Кыргыз элинде Ай К. колдонулган. Алгач бул Хижра деп аталган. Анда жылдар 12 жаны­бардын аты м-н аталат (к. Жыл сүрүү). Он эки жылдан кийин кайра башынан башталат. Бир жыл 12 айга бөлүнүп, айлар: жалган куран (март), чын куран (апрель), бугу (май), кулжа (июнь), теке (июль), баш оона (август), аяк оона (сентябрь), тогуздун айы (октябрь), жетинин айы (ноябрь), бештин айы (декабрь), үчтүн айы (январь), бирдин айы (февраль) деп аталат. Ай К-ы б-ча жаңы жыл 18–20-мартка туура кел­ген. Айдын 7 күнүнө дүйшөмбү, шейшемби, шар­шемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби деп ат коюлуп, алар жалпысынан жума же апта деп аталат.