КАЛЕНДАРЬ (убакыттын аралыгын эсептөө системасы)
КАЛЕНДА́РЬ (лат. calendarium – айдын биринчи күнү) – асман телолорунун көрүнгөн кыймылынын мезгилдүүлүгүнүн негизинде убакыттын узак аралыгын эсептөө системасы. Календарь түзүүдө күн м-н түндүн, жыл мезгилдеринин алмашуусу, Ай фазаларынын өзгөрүшү пайдаланылат. Убакыт ченинин бирдиги күн м-н түндүн алмашуусу – сутка, Айдын Жерди айлануусу – ай, Жердин Күндү толук айлануусу жыл деп кабыл алынган. Натыйжада Ай, Ай-Күн ж-а Күн календары пайда болгон. Ай календарында жыл 12 айдан, ар бир ай 29–30 суткадан туруп, бир жылда 354–355 сутка болгон. Ай календары мусулман өлкөлөрүндө таралган. Бул календарь боюнча жыл эсептөө Мухаммед пайгамбар Мекеден кеткен күн – 622-жылдын 16-июлунан башталат. Мында айдын жаңырышы м-н башталып, узактыгы 29 сутка 12 с 44 мин 2,9 секга барабар. Ай – Күн календары боюнча 19 жыл 235 айга барабар. Ар бир 19 жылдын ичинде 12 айлуу (29–30 күндүү) 12 жыл ж-а 13 айлуу 7 жыл бар. Бул календарь байыркы мезгилде Вавилон, Кытай, Грекия ж-а Римде кеңири тарап, азыр Кытай, Израиль, Корея, Моңголия, Япония ж. б. өлкөлөрдө колдонулат. Күн календары б. з. ч. 4-миң жылдыкта Египетте түзүлгөн. Бул календарда жыл 365 күндөн туруп, ар бир айында 30 күн болгон 12 айга бөлүнөт; жыл аягына эч бир айга киргизилбеген 5 майрам күн кошулган. Буга Юлий, Григорий ж. б. календарлар кирет. Ю л и й Календары б. з. ч. 46-жылы Рим диктатору Юлий Цезардын чечими м-н кабыл алынган. Ал боюнча жыл 365 суткадан, 7 ай 31, 4 ай 30, февраль 28 күндөн турган. Мында ар бир жыл 6 саатка кемип отуруп, 4 жылда 1 суткага жеткен, ошондуктан ал сутканы ар бир 4-жылга кошууну чечишкен. Мындай жыл (мисалы, 1972, 1976, 1980 ж. б.) «узак жыл» (високосный) деп аталып 366 күндөн турат. Бул календарь боюнча жылдын орточо узактыгы анын табигый убактысынан жылына 11 мин 14 сек ашып отуруп, 128 жылда 1 суткага жетип, ыңгайсыздыкты жараткан. Рим папасы Григорий XIII, Юлий календарындагы мүчүлүштү жоюу максатында Г р и г о р и й календарын түзгөн. Аны түзүүдө белгилүү астроном ж-а математиктер Игнацио Данти, Луижи Лилио, Христофор Шлюсель катышкан. Жазгы күн м-н түндүн теңелүүсүн 21-мартка тууралап, андан ары анын бул күндөн кечикпешин камсыз кылуу үчүн, 1582-жылдын 4-октябры – бейшембиден кийинки он күндү кыскартып, кийинки жума күндү 15-октябрь деп эсептөөгө буйрук кылган. Бул календарда аягы 00 (мис., 1700, 1800, 1900, 2100) м-н бүткөн, бирок 400гө так бөлүнбөгөн ж-а 4кө калдыксыз бөлүнгөн жылдарды узак жылдар эмес деп атоо сунушталган. Бул календарь ар кайсы убакта Европа өлкөлөрүндө колдонула баштаган. СССРде 1918-жылы В. И. Лениндин сунушу боюнча 14-февралдан баштап киргизилген.
Кыргыз элинде Ай календары колдонулган. Алгач бул Хижра деп аталган. Анда жылдар 12 жаныбардын аты м-н аталат (к. Жыл сүрүү). Он эки жылдан кийин кайра башынан башталат. Бир жыл 12 айга бөлүнүп, айлар: жалган куран (март), чын куран (апрель), бугу (май), кулжа (июнь), теке (июль), баш оона (август), аяк оона (сентябрь), тогуздун айы (октябрь), жетинин айы (ноябрь), бештин айы (декабрь), үчтүн айы (январь), бирдин айы (февраль) деп аталат. Ай календары боюнча жаңы жыл 18–20-мартка туура келген. Айдын 7 күнүнө дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби деп ат коюлуп, алар жалпысынан жума же апта деп аталат.