ИНДИ ОКЕАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИ ОКЕАНЫ Жер шарындагы океандардын ичинен чоңдугу боюнча Тынч, Атлантика океанда­рынан кийинки 3-орунда. Аянты (деңиздери м-н) 76,17 млн км2. Басымдуу бөлүгү Түштүк жа­рым шарда жайгашкан; түндүгүнөн Азия, ба­тышынан Африка, чыгышынан Австралия, түштүгүнөн Антарктида м-н чектешет. Түштүк-ба­тышынан Атлантика, чыгышынан ж-а түштүк-чыгышынан Тынч океандары м-н туташат. Орточо тереңдиги 3711 м, суусунун орточо көлөмү 282,7 млн км3. Түндүк ж-а түндүк-чыгыш жактарында гана Инди океанынын деңиздери (Кызыл, Андаман, Араб, Тимор, Арафура) ж-а ири булуңдары (Аден, Оман, Перс, Бенгал); түштүк бөлүгүндө Карпента­рия, Чоң Австралия, Спенсер, Сент-Винсент ж. б. булуңдар, эң түштүгүндө антарктикалык деңиз­дер (Рисер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымак, Дейвис, Моусон, Дюрвиль) жайгашкан. Мате­риктен бөлүнүп калган эң ири а р а л д а р ы (Мадагаскар, Шри-Ланка, Сокотра) жээкке жа­кын орун алган. Океандын ачык бөлүгүндө жа­нар тоо аралдары – Маскарен, Комор, Андаман, Никобар, Сейшель ж. б. орун алган. Тропиктик кеңдиктердеги жанар тоо конустарында шуру аралдары – Мальдив, Лаккадив, Чагос, Кокос­туу ж. б. көтөрүлүп жатат.
Т а м а н ы н ы н р е л ь е ф и. Инди океанын жээктей материктик тайыздыктын кууш тил­кеси (100 мге чейин) жайгашкан. Анын сырткы чети 200 м, Антарктидага жакын ж-а Австра­лиянын түндүк-батышында 300–500 мге чейин те­реңдикте жатат. Материктик каптал Инд, Ганг ж. б. дарыялардын каньондору ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. Океандын түндүк-чыгыш бө­лүгүндө Зонд аралдар догоосу, ага туташ терең­диги 7729 м келген Зонд кобулу (Инди океанынын эң терең жери) жатат. Океан таманы кырка тоо­лор ж-а жалдар аркылуу чуңкурдуктарга (Борбордук, Батыш Австралия, Африка-Антарктида ж. б.) бөлүнгөн. Суу асты кырка тоолордон Чыгыш Инди кырка тоосу меридиан багытында созу­луп (узундугу 5000 кмден ашык), түндүгүндө кеңдик багыттагы Батыш Австралия кырка тоосу м-н туташат. Океан ортолук кырка тоосу океандын борбордук бөлүгүнөн үч тармакка – түндүк (Араб-Инди кырка тоосу), түштүк-батыш (Батыш-Инди ж-а Африка-Антарктика кырка тоолору) ж-а түштүк-чыгышка (Борбордук Инди ж-а Австралия-Антарк­тика кырка тоолору) ажырайт. Океан таманын­да жанар тоонун атылышынан пайда болгон ай­рым тоолор (Бардин, Щербаков, Лена ж. б.) бар. Фораминиферлер (материктик капталдарда, кырка тоолордо ж-а чуңкурдуктардын таманында), диатом (50° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө) ж-а шуру (коралл) чөкмөлөрү басымдуу. Кен байлыктары: шельфтерде нефть ж-а газ (к. Перс булуңу нефть жана газ бассейни), монациттүү кумдар, рифт зоналарында – хром, темир, мар­ганец, жез ж. б. кенташтар. Таманында темир ­марганецтүү конкрециянын зор запасы бар.
Инди океанынын түндүк бөлүгүнүн к л и м а т ы н а Азиядагы жогорку ж-а төмөнкү атмосфералык басымдын мезгил боюнча алмашуусунун негизинде түзүлгөн муссондук циркуляция мүнөздүү. Жайында, Азия­да төмөнкү атмосфералык басым күчөгөндө, мында түштүк- батыштан келген экватордук аба, кышында түндүк-чыгыштан соккон тропиктик аба үстөмдүк кы­лат. 8–10° түштүк кеңдиктерден түштүктө циркуля­ция көпкө кармалгандыгы м-н айырмаланат (30° кеңдиктерде жогорку басымдын туруктуу облусу өкүм сүрөт). Инди океанынын түштүк бөлүгүндөгү тропик ж-а субтропик кеңдиктеринде түштүк-чыгыш пас­сат шамалы, мелүүн кеңдиктерде циклондор м-н коштолгон батыш шамалы үстөмдүк кылат. Тро­пиктик кеңдиктерде жайкысын ж-а күзүндө бо­роон-чапкын (тайфун) тез-тез болуп турат.
Океандын түндүк бөлүгүндө абанын жайкы орточо температурасы 25–27°С, Африканын жээктеринде 23°Сге чейин. Түштүк бөлүгүндө жайында 30° түштүк кеңдикте 20–25°Сге, 50° түштүк кеңдикте 5–6°Сге, 60° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 0°Сге чейин ж-а андан да төмөн болот. Кышында абанын температурасы экватордо 27,5°Сден түндүк бөлүгүндө 20°Сге, 30° түштүк кеңдикте 15°Сге, 50° түштүк кең­дикте 0–5°Сге чейин, 55–60° түштүк кеңдиктерден түштүгүрөөктө 0°Сден төмөн болот. Ошол эле убакта түштүк субтропиктик кеңдиктерде жыл бою абанын температурасы Мадагаскар жылуу агымы­нын таасиринен батышында чыгышына кара­ганда (Батыш Австралия муздак агымынын таасиринен) 3–6°Сге жылуу болот.
Г и д р о л о г и я л ы к р е ж и м и. Океандын түндүк бөлүгүндөгү суунун үстүңкү катмарынын циркуляциясы муссондук мүнөздө: жайында түндүк-чыгыш ж-а чыгыш, кышында түштүк-батыш ж-а батыш агымдары үстөмдүк кылат. Кыш айларында 3–8° түштүк кеңдикте Пассат аралык (экватордук) каршы агым күчөйт. Инди океанынын түштүк бөлүгүндө суунун циркуляциясы антициклон­дук айлампаны пайда кылып, ал жылуу (түн­дүктөгү Түштүк Пассат, батыштагы Мадагаскар ж-а Ийне тумшук агымдары) ж-а муздак агым­дардан (түштүктөгү Батыш шамалдар ж-а чы­гыштагы Батыш Австралия агымдары) түзүлөт. Суунун эң жогорку температурасы океандын түндүк бөлүгүндөгү үстүңкү бетинде май айында 29°Сден ашат. Жайында Түндүк жарым шарда суунун темп­расы 27–28°С, Африканын жээгинде гана терең­диктен чыккан муздак суунун таасиринен 22– 23°Сге чейин төмөндөйт. Экватордо суунун темп­ературасы 26–28°С, 30° түштүк кеңдикте 16–20°Сге, 50° түштүк кеңдикте 3–5°Сге чейин, ал эми 55° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө –1°Сден төмөн. Кы­шында Түндүк Жарым шардын түндүгүндө суунун температурасы 23–25°С, экватордо 28°С, 30° түштүк кең­дикте 21–25°С, 50° түштүк кеңдикте 5–9°С, 60° түштүк кеңдиктен түштүктө 0°Сден төмөн. Субтропик кеңдиктеринде жыл бою суунун температурасы чы­гышына караганда батышында 3–5°Сге жогору. Суунун т у з д у у л у г у анын балансына байланыштуу. Суу балансы орто эсеп м-н Инди океанынын бетиндеги буулануудан (жылына – 1380 мм), жааган жаан-чачындан (1000 мм) ж-а материктик агымдан (70 см/жыл) түзүлөт. Туз­суз суунун көбүн Түштүк Азиянын (Ганг, Брахма­путра ж. б.) ж-а Африканын (Замбези, Лимпо­по) дарыялары алып келет. Өтө туздуу жерле­ри – Перс булуңу – 37–39‰, Кызыл деңиз – 42‰, Араб деңизи – 36,5‰ден ашык. Бенгал булу­ңунда ж-а Андаман деңизинде туздуулук 32,0– 33,0‰ге, түштүк тропиктерде 34,0–34,5‰ге чейин төмөндөйт. Түштүк субтропик кеңдиктеринде туз­дуулук 35,5‰ден жогору (эң көбү жайында 36,5‰, кышында 36,0‰), 40° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 33,0–34,3‰ге чейин төмөндөйт. Суунун тыгыздыгы антарктикалык кеңдиктер­де 1027 кг/м3, океандын түндүк-чыгышы м-н Бен­гал булуңунда 1018, 1022 кг/м3. Суткада эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги жээктерде 5–7 мден 11,9 мге (Камбей булуңун­да) чейин, ачык океанда 0,5 мден 1,6 мге чейин. М у з д у к т а р ы антарктикалык кеңдик­терде пайда болуп, шамал ж-а агымдар м-н ав­густта 55°, февралда 65–68° түштүк кеңдиктерге че­йин жетет. Айсбергдер айрыкча 40° ж-а 80° чы­гыш узундуктардын аралыгында арбын. Инди океанынын тереңдиктеги циркуляциясы ж-а вертикалдык структурасы субтропиктик (суунун үстүңкү бе­тинин алдындагы катмары) ж-а антарктикалык (аралыктагы суу катмары) кошулуу зонала­рынын, Антарктиданын материктик капталы боюнча кеткен (түпкү), ошондой эле Кызыл деңизден ж-а Атлантика океанынан агып келген (тереңдик­теги) суулардан түзүлөт. Үстүңкү беттин астын­дагы катмар 100–150 мден 400–500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун температурасы 10– 18°Сди, туздуулугу 35,0–35,7‰ни түзөт. Аралык­тагы суу катмары 400–500 мден 1000–1500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун темп­расы 4°Сден 10°Сге чейин, туздуулугу 34,2– 34,6‰; 1000–1500 мден 3500 мге чейинки терең­диктеги суу катмарынын температурасы 1,6–2,8°Сди, туздуулугу 34,68–34,78‰ни түзөт. Түпкү суу кат­мары 3500 мден терең жатып, түштүгүндө суу­нун температурасы –0,07°Сден 0,24°Сге чейин, туз­дуулугу 34,67–34,69‰, түндүгүндө суунун темп­ературасы 0,5°С чамасында, туздуулугу 34,69–34,77‰. Ф л о р а с ы ж-а ф а у н а с ы. Инди океанынын дээрлик бүт аймагы тропик ж-а түштүк мелүүн (ноталь) зоналарында жатат. Тропик зонасы­нын тайыз жерлерине алты ж-а сегиз жылдыздуу шурулар (кораллдар) ж-а гидрокораллдар мүнөздүү. Жээгинин көп бөлүгүн мангр бадал­дары ээлейт. Мелүүн алкактын материктик та­йыздыктарында кызыл ж-а күрөң балырлар (ла­минарий, фукус, макроцистис) бар, омурткасыз­дарга бай. Океандын ачык мейкиндиктеринде, өзгөчө суунун 100 м тереңдикке чейинки катма­рында бир клеткалуу планктон, ал эми Араб деңизине көгүш жашыл балырлар мүнөздүү. Инди океанынын жандыктарынын көбүн ракча-копепод (100дөн ашык түрү), канат буттуу моллюска, ме­дуза, сифонофор ж. б. түзөт. Бир клеткалуулар­дан – танаптуулар, балыктардын көп түрү – учуучу балык чоң ж-а майда тунец, желбирек канаттуу балык, акула ж. б. бар. Кальмарлар көп. Ири деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн – дюгон, тиштүү ж-а тишсиз киттер, калак буттар кезде­шет. Канаттуулардан альбатрос, фрегат, пинг­виндер мүнөздүү. Жээк боюнда гана балык кар­малат (дүйнөдө кармалган балыктын 5%и). Не­гизги өнөр жай тукуму – тунец. Антарктика суула­рында балыктын антарктикалык түрүнүн өнөр жай тукуму бар. Нефть (Перс булуңунда), бермет, седеп (Шри-Ланка, Бахрейн аралында ж-а Австра­лиянын түндүк-батыш жээгинде) алынат.

Инди океанына дүйнөлүк жүк ташуунун 10%и туура келет. Ал аркылуу Европа, Азия, Австралия, Африка, ошондой эле Американын портторун байла­ныштыруучу маанилүү деңиз жолдору өтөт. Ири порттору (жүк ташуу боюнча): Аден (Йемен), Мум­баи, Калькутта (Индия), Карачи (Пакистан), Читтагонг (Бангладеш), Коломбо (Шри-Ланка), Янгон (Мьянма), Рангун (Бирма), Рас-Таннура (Сауд Арабиясы), Харк, Бендер-Аббас (Иран), Фао (Ирак), Эль-Кувейт (Кувейт), Дар-эс-Салам (Танзания), Могадишо (Сомали) Фримантл, Аделаида, (Австралия), Дурбан (ТАР).

Инди океанында башка океандардай эле экологиялык көй­гөйлөр бар; алардын эң башкысы – деңиз эко­системасына адам таасиринин күчөшү. Океан суусун булгаган негизги булактар: нефть (дүй­нөдөгү нефтинин запасынын 2/3 си Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта топтолгон. Перс булу­ңунан өндүрүлгөн нефть Инди океаны аркылуу Батыш Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнө ж-а Япония­га ташылат. Ири танкерлердин кырсыкка учу­рашынан ж. б. түрдүү себептерден агып чыккан нефть океан суусун булгап, Инди океанынын түндүк, түндүк-чыгыш ж-а батыш акваторияларынын бетинде көбүнчө жука кабыкчаны пайда кылат); оор ме­таллдар (сымап, коргошун, кадмий ж. б. океан суусуна атмосфералык ж-а агын суулар аркылуу кошул­гандыктан, бардык жеринде кездешет); уулуу химикаттар (айыл чарбасында кеңири пайдаланылган ми­нералдык жер семирткичтердин, уулуу хими­каттардын ж-а аларды өндүргөн өнөр жай ишкана­ларынан чыккан таштандылардын океанга ко­шулушу), контейнерге салынып океан түбүндө сакталган түрдүү уулуу заттар ж-а радиоактивдүү калдыктар ж. б. Мындай булгануу бара-бара жалпы эле Жердин географиялык кабыгына алаамат залал тийгизиши мүмкүн. Кийинки мезгилде Инди океанынын алабындагы өлкөлөр океанды коргоо максатында бирдиктүү аракеттерди жасоодо.

Инди океанында уюшулган деңиз резерваттары (парк­тары) деңиз экосистемасын коргоо – табиятты ж-а табигый ресурстарды калыбына келтирүү м-н гана чектелбестен, ошондой эле жергиликтүү элдин ж-а туристтердин табиятты коргоо боюнча билим алуу­сунда да мааниси зор. Деңиз резерваттары Ку­вейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Эфиопия, Кения, Мьянма, Индия, Шри-Ланка ж. б. өлкөлөрдө уюшулган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү: Эфиопиядагы «Дахлак аралдары» улуттук деңиз паркы (Кызыл деңиздин фаунага бай ири аймактарынын бири; 1968-жылы уюшул­ган); Кениядагы Малинди ж-а Вашаму резер­ваттары (техникалык жактан жакшы жабдылган, кор­гоо иштери жогорку деңгээлде уюшулган; жалпы аянты 1755 га), Сейшель аралындагы резер­ваттар.

Ад.: Муромцев А. М. Основные черты гидрологии Индийского океана. Л., 1959; Индийский океан. Л., 1982; Богданов Д. В. Региональная физическая гео­графия Мирового океана. Л., 1985; Физическая геогра­фия материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Океаны. М., 1997; Залогин Б. С., Кузминская К. С. Мировой океан. М., 2001. Пущаровский Ю. М. Тектоника Земли. Избр. тр. М., 2005. Т. 2; Тектоника океанов.

Ө. Бараталиев