ИНДИ ОКЕАНЫ
ИНДИ ОКЕАНЫ Жер шарындагы океандардын
ичинен чоңдугу боюнча Тынч, Атлантика океандарынан кийинки 3-орунда. Аянты (деңиздери м-н) 76,17 млн км2. Басымдуу бөлүгү Түштүк жарым шарда жайгашкан; түндүгүнөн Азия, батышынан Африка, чыгышынан Австралия, түштүгүнөн Антарктида м-н чектешет. Түштүк-батышынан Атлантика, чыгышынан ж-а түштүк-чыгышынан Тынч океандары м-н туташат. Орточо тереңдиги 3711 м, суусунун орточо көлөмү 282,7 млн км3. Түндүк ж-а түндүк-чыгыш жактарында гана Инди океанынын деңиздери (Кызыл, Андаман, Араб, Тимор, Арафура) ж-а ири булуңдары (Аден, Оман, Перс, Бенгал); түштүк бөлүгүндө Карпентария, Чоң Австралия, Спенсер, Сент-Винсент ж. б. булуңдар, эң түштүгүндө антарктикалык деңиздер (Рисер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымак, Дейвис, Моусон, Дюрвиль) жайгашкан. Материктен бөлүнүп калган эң ири а р а л д а р ы (Мадагаскар, Шри-Ланка, Сокотра) жээкке жакын орун алган. Океандын ачык бөлүгүндө жанар тоо аралдары – Маскарен, Комор, Андаман, Никобар, Сейшель ж. б. орун алган. Тропиктик кеңдиктердеги жанар тоо конустарында шуру аралдары – Мальдив, Лаккадив, Чагос, Кокостуу ж. б. көтөрүлүп жатат.
Т а м а н ы н ы н р е л ь е ф и. Инди океанын жээктей материктик тайыздыктын кууш тилкеси (100 мге чейин) жайгашкан. Анын сырткы чети 200 м, Антарктидага жакын ж-а Австралиянын түндүк-батышында 300–500 мге чейин тереңдикте жатат. Материктик каптал Инд, Ганг ж. б. дарыялардын каньондору ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. Океандын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Зонд аралдар догоосу, ага туташ тереңдиги 7729 м келген Зонд кобулу (Инди океанынын эң терең жери) жатат. Океан таманы кырка тоолор ж-а жалдар аркылуу чуңкурдуктарга (Борбордук, Батыш Австралия, Африка-Антарктида ж. б.) бөлүнгөн. Суу асты кырка тоолордон Чыгыш Инди кырка тоосу меридиан багытында созулуп (узундугу 5000 кмден ашык), түндүгүндө кеңдик багыттагы Батыш Австралия кырка тоосу м-н туташат. Океан ортолук кырка тоосу океандын борбордук бөлүгүнөн үч тармакка – түндүк (Араб-Инди кырка тоосу), түштүк-батыш (Батыш-Инди ж-а Африка-Антарктика кырка тоолору) ж-а түштүк-чыгышка (Борбордук Инди ж-а Австралия-Антарктика кырка тоолору) ажырайт. Океан таманында жанар тоонун атылышынан пайда болгон айрым тоолор (Бардин, Щербаков, Лена ж. б.) бар. Фораминиферлер (материктик капталдарда, кырка тоолордо ж-а чуңкурдуктардын таманында), диатом (50° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө) ж-а шуру (коралл) чөкмөлөрү басымдуу. Кен байлыктары: шельфтерде нефть ж-а газ (к. Перс булуңу нефть жана газ бассейни), монациттүү кумдар, рифт зоналарында – хром, темир, марганец, жез ж. б. кенташтар. Таманында темир марганецтүү конкрециянын зор запасы бар.
Инди океанынын түндүк бөлүгүнүн к л и м а т ы н а Азиядагы жогорку ж-а төмөнкү атмосфералык басымдын мезгил боюнча алмашуусунун негизинде түзүлгөн муссондук циркуляция мүнөздүү. Жайында, Азияда төмөнкү атмосфералык басым күчөгөндө, мында түштүк- батыштан келген экватордук аба, кышында түндүк-чыгыштан соккон тропиктик аба үстөмдүк кылат. 8–10° түштүк кеңдиктерден түштүктө циркуляция көпкө кармалгандыгы м-н айырмаланат (30° кеңдиктерде жогорку басымдын туруктуу облусу өкүм сүрөт). Инди океанынын түштүк бөлүгүндөгү тропик ж-а субтропик кеңдиктеринде түштүк-чыгыш пассат шамалы, мелүүн кеңдиктерде циклондор м-н коштолгон батыш шамалы үстөмдүк кылат. Тропиктик кеңдиктерде жайкысын ж-а күзүндө бороон-чапкын (тайфун) тез-тез болуп турат.
Океандын түндүк бөлүгүндө абанын жайкы орточо температурасы 25–27°С, Африканын жээктеринде 23°Сге чейин. Түштүк бөлүгүндө жайында 30° түштүк кеңдикте 20–25°Сге, 50° түштүк кеңдикте 5–6°Сге, 60° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 0°Сге чейин ж-а андан да төмөн болот. Кышында абанын температурасы экватордо 27,5°Сден түндүк бөлүгүндө 20°Сге, 30° түштүк кеңдикте 15°Сге, 50° түштүк кеңдикте 0–5°Сге чейин, 55–60° түштүк кеңдиктерден түштүгүрөөктө 0°Сден төмөн болот. Ошол эле убакта түштүк субтропиктик кеңдиктерде жыл бою абанын температурасы Мадагаскар жылуу агымынын таасиринен батышында чыгышына караганда (Батыш Австралия муздак агымынын таасиринен) 3–6°Сге жылуу болот.
Г и д р о л о г и я л ы к р е ж и м и. Океандын түндүк бөлүгүндөгү суунун үстүңкү катмарынын циркуляциясы муссондук мүнөздө: жайында түндүк-чыгыш ж-а чыгыш, кышында түштүк-батыш ж-а батыш агымдары үстөмдүк кылат. Кыш айларында 3–8° түштүк кеңдикте Пассат аралык (экватордук) каршы агым күчөйт. Инди океанынын түштүк бөлүгүндө суунун циркуляциясы антициклондук айлампаны пайда кылып, ал жылуу (түндүктөгү Түштүк Пассат, батыштагы Мадагаскар ж-а Ийне тумшук агымдары) ж-а муздак агымдардан (түштүктөгү Батыш шамалдар ж-а чыгыштагы Батыш Австралия агымдары) түзүлөт. Суунун эң жогорку температурасы океандын түндүк бөлүгүндөгү үстүңкү бетинде май айында 29°Сден ашат. Жайында Түндүк жарым шарда суунун темпрасы 27–28°С, Африканын жээгинде гана тереңдиктен чыккан муздак суунун таасиринен 22– 23°Сге чейин төмөндөйт. Экватордо суунун температурасы 26–28°С, 30° түштүк кеңдикте 16–20°Сге, 50° түштүк кеңдикте 3–5°Сге чейин, ал эми 55° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө –1°Сден төмөн. Кышында Түндүк Жарым шардын түндүгүндө суунун температурасы 23–25°С, экватордо 28°С, 30° түштүк кеңдикте 21–25°С, 50° түштүк кеңдикте 5–9°С, 60° түштүк кеңдиктен түштүктө 0°Сден төмөн. Субтропик кеңдиктеринде жыл бою суунун температурасы чыгышына караганда батышында 3–5°Сге жогору. Суунун т у з д у у л у г у анын балансына байланыштуу. Суу балансы орто эсеп м-н Инди океанынын бетиндеги буулануудан (жылына – 1380 мм), жааган жаан-чачындан (1000 мм) ж-а материктик агымдан (70 см/жыл) түзүлөт. Тузсуз суунун көбүн Түштүк Азиянын (Ганг, Брахмапутра ж. б.) ж-а Африканын (Замбези, Лимпопо) дарыялары алып келет. Өтө туздуу жерлери – Перс булуңу – 37–39‰, Кызыл деңиз – 42‰, Араб деңизи – 36,5‰ден ашык. Бенгал булуңунда ж-а Андаман деңизинде туздуулук 32,0– 33,0‰ге, түштүк тропиктерде 34,0–34,5‰ге чейин төмөндөйт. Түштүк субтропик кеңдиктеринде туздуулук 35,5‰ден жогору (эң көбү жайында 36,5‰, кышында 36,0‰), 40° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 33,0–34,3‰ге чейин төмөндөйт. Суунун тыгыздыгы антарктикалык кеңдиктерде 1027 кг/м3, океандын түндүк-чыгышы м-н Бенгал булуңунда 1018, 1022 кг/м3. Суткада эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги жээктерде 5–7 мден 11,9 мге (Камбей булуңунда) чейин, ачык океанда 0,5 мден 1,6 мге чейин. М у з д у к т а р ы антарктикалык кеңдиктерде пайда болуп, шамал ж-а агымдар м-н августта 55°, февралда 65–68° түштүк кеңдиктерге чейин жетет. Айсбергдер айрыкча 40° ж-а 80° чыгыш узундуктардын аралыгында арбын. Инди океанынын тереңдиктеги циркуляциясы ж-а вертикалдык структурасы субтропиктик (суунун үстүңкү бетинин алдындагы катмары) ж-а антарктикалык (аралыктагы суу катмары) кошулуу зоналарынын, Антарктиданын материктик капталы боюнча кеткен (түпкү), ошондой эле Кызыл деңизден ж-а Атлантика океанынан агып келген (тереңдиктеги) суулардан түзүлөт. Үстүңкү беттин астындагы катмар 100–150 мден 400–500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун температурасы 10– 18°Сди, туздуулугу 35,0–35,7‰ни түзөт. Аралыктагы суу катмары 400–500 мден 1000–1500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун темпрасы 4°Сден 10°Сге чейин, туздуулугу 34,2– 34,6‰; 1000–1500 мден 3500 мге чейинки тереңдиктеги суу катмарынын температурасы 1,6–2,8°Сди, туздуулугу 34,68–34,78‰ни түзөт. Түпкү суу катмары 3500 мден терең жатып, түштүгүндө суунун температурасы –0,07°Сден 0,24°Сге чейин, туздуулугу 34,67–34,69‰, түндүгүндө суунун температурасы 0,5°С чамасында, туздуулугу 34,69–34,77‰. Ф л о р а с ы ж-а ф а у н а с ы. Инди океанынын дээрлик бүт аймагы тропик ж-а түштүк мелүүн (ноталь) зоналарында жатат. Тропик зонасынын тайыз жерлерине алты ж-а сегиз жылдыздуу шурулар (кораллдар) ж-а гидрокораллдар мүнөздүү. Жээгинин көп бөлүгүн мангр бадалдары ээлейт. Мелүүн алкактын материктик тайыздыктарында кызыл ж-а күрөң балырлар (ламинарий, фукус, макроцистис) бар, омурткасыздарга бай. Океандын ачык мейкиндиктеринде, өзгөчө суунун 100 м тереңдикке чейинки катмарында бир клеткалуу планктон, ал эми Араб деңизине көгүш жашыл балырлар мүнөздүү. Инди океанынын жандыктарынын көбүн ракча-копепод (100дөн ашык түрү), канат буттуу моллюска, медуза, сифонофор ж. б. түзөт. Бир клеткалуулардан – танаптуулар, балыктардын көп түрү – учуучу балык чоң ж-а майда тунец, желбирек канаттуу балык, акула ж. б. бар. Кальмарлар көп. Ири деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн – дюгон, тиштүү ж-а тишсиз киттер, калак буттар кездешет. Канаттуулардан альбатрос, фрегат, пингвиндер мүнөздүү. Жээк боюнда гана балык кармалат (дүйнөдө кармалган балыктын 5%и). Негизги өнөр жай тукуму – тунец. Антарктика сууларында балыктын антарктикалык түрүнүн өнөр жай тукуму бар. Нефть (Перс булуңунда), бермет, седеп (Шри-Ланка, Бахрейн аралында ж-а Австралиянын түндүк-батыш жээгинде) алынат.
Инди океанына дүйнөлүк жүк ташуунун 10%и туура келет. Ал аркылуу Европа, Азия, Австралия, Африка, ошондой эле Американын портторун байланыштыруучу маанилүү деңиз жолдору өтөт. Ири порттору (жүк ташуу боюнча): Аден (Йемен), Мумбаи, Калькутта (Индия), Карачи (Пакистан), Читтагонг (Бангладеш), Коломбо (Шри-Ланка), Янгон (Мьянма), Рангун (Бирма), Рас-Таннура (Сауд Арабиясы), Харк, Бендер-Аббас (Иран), Фао (Ирак), Эль-Кувейт (Кувейт), Дар-эс-Салам (Танзания), Могадишо (Сомали) Фримантл, Аделаида, (Австралия), Дурбан (ТАР).
Инди океанында башка океандардай эле экологиялык көйгөйлөр бар; алардын эң башкысы – деңиз экосистемасына адам таасиринин күчөшү. Океан суусун булгаган негизги булактар: нефть (дүйнөдөгү нефтинин запасынын 2/3 си Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта топтолгон. Перс булуңунан өндүрүлгөн нефть Инди океаны аркылуу Батыш Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнө ж-а Японияга ташылат. Ири танкерлердин кырсыкка учурашынан ж. б. түрдүү себептерден агып чыккан нефть океан суусун булгап, Инди океанынын түндүк, түндүк-чыгыш ж-а батыш акваторияларынын бетинде көбүнчө жука кабыкчаны пайда кылат); оор металлдар (сымап, коргошун, кадмий ж. б. океан суусуна атмосфералык ж-а агын суулар аркылуу кошулгандыктан, бардык жеринде кездешет); уулуу химикаттар (айыл чарбасында кеңири пайдаланылган минералдык жер семирткичтердин, уулуу химикаттардын ж-а аларды өндүргөн өнөр жай ишканаларынан чыккан таштандылардын океанга кошулушу), контейнерге салынып океан түбүндө сакталган түрдүү уулуу заттар ж-а радиоактивдүү калдыктар ж. б. Мындай булгануу бара-бара жалпы эле Жердин географиялык кабыгына алаамат залал тийгизиши мүмкүн. Кийинки мезгилде Инди океанынын алабындагы өлкөлөр океанды коргоо максатында бирдиктүү аракеттерди жасоодо.
Инди океанында уюшулган деңиз резерваттары (парктары) деңиз экосистемасын коргоо – табиятты ж-а табигый ресурстарды калыбына келтирүү м-н гана чектелбестен, ошондой эле жергиликтүү элдин ж-а туристтердин табиятты коргоо боюнча билим алуусунда да мааниси зор. Деңиз резерваттары Кувейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Эфиопия, Кения, Мьянма, Индия, Шри-Ланка ж. б. өлкөлөрдө уюшулган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү: Эфиопиядагы «Дахлак аралдары» улуттук деңиз паркы (Кызыл деңиздин фаунага бай ири аймактарынын бири; 1968-жылы уюшулган); Кениядагы Малинди ж-а Вашаму резерваттары (техникалык жактан жакшы жабдылган, коргоо иштери жогорку деңгээлде уюшулган; жалпы аянты 1755 га), Сейшель аралындагы резерваттар.
Ад.: Муромцев А. М. Основные черты гидрологии Индийского океана. Л., 1959; Индийский океан. Л., 1982; Богданов Д. В. Региональная физическая география Мирового океана. Л., 1985; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Океаны. М., 1997; Залогин Б. С., Кузминская К. С. Мировой океан. М., 2001. Пущаровский Ю. М. Тектоника Земли. Избр. тр. М., 2005. Т. 2; Тектоника океанов.
Ө. Бараталиев