ИНТЕНДАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕНДА́НТ (фр. intendаnt – башкаруучу, баш­чы) – куралдуу күчтөр курамында аскерлерди материалдык ж-а тиричилик жактан камсыз кылуучу кызматкер. 15-к-да Францияда И. ин­ту уюшулуп, мамл. башкаруунун айрым тар­мактарына (аскер, соода, юстиция ж. б.) жетек­чилик кылган. 19-к-да ага жалаң аскерлерди тейлөө милдети жүктөлгөн. СССР Куралдуу Күчтөрүндө И. кызматы 1935-ж. киргизилип, 1955-ж. жоюлган, анын милдетин Куралдуу Күчтөрдүн тиешелүү оорук кызматтары аткарат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө азык-түлүк, буюм ж-а турак жай м-н камсыз кылуу өз-өзүнчө бө­лүнгөн.