ИНТЕНДАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕНДА́НТ (фр. intendаnt – башкаруучу, баш­чы) – куралдуу күчтөр курамында аскерлерди материалдык ж-а тиричилик жактан камсыз кылуучу кызматкер. 15-кылымда Францияда интендант ин­ституту уюшулуп, мамлекеттик башкаруунун айрым тар­мактарына (аскер, соода, юстиция ж. б.) жетек­чилик кылган. 19-кылымда ага жалаң аскерлерди тейлөө милдети жүктөлгөн. СССР Куралдуу Күчтөрүндө интендант кызматы 1935-жылы киргизилип, 1955-жылы жоюлган, анын милдетин Куралдуу Күчтөрдүн тиешелүү оорук кызматтары аткарат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө азык-түлүк, буюм ж-а турак жай м-н камсыз кылуу өз-өзүнчө бө­лүнгөн.