ИНДИВИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:57, 21 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИВИ́Д (лат. individuum – бөлүнбөс, особь, гр. атом) – 1) особь, ар бир өзүнчө жашаган орга­низм; 2) жеке адам; инсан. Топтон, массадан айрым тирүү жандыктын, особдун бөтөнчөлүгүн, айрым адамдын жамааттан, социалдык топтон, а түгүл бүтүндөй коомдон айырмачылыгын бел­гилөө үчүн колдонулат. Индивид м-н коом индиви­дуализмдин ар түркүн концепцияларынын баш­тапкы пункттарын түзүшөт. Индивид – индивидуал­дуулуктун синоними.