ИНДИВИД
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНДИВИ́Д (лат. individuum – бөлүнбөс, особь, гр. атом) – 1) особь, ар бир өзүнчө жашаган организм; 2) жеке адам; инсан. Топтон, массадан айрым тирүү жандыктын, особдун бөтөнчөлүгүн, айрым адамдын жамааттан, социалдык топтон, а түгүл бүтүндөй коомдон айырмачылыгын белгилөө үчүн колдонулат. Индивид м-н коом индивидуализмдин ар түркүн концепцияларынын баштапкы пункттарын түзүшөт. Индивид – индивидуалдуулуктун синоними.