ИНДИ ОКЕАНЫ
ИНДИ ОКЕАНЫ Жер шарындагы океандардын
ичинен чоңдугу боюнча Тынч, Атлантика океандарынан кийинки 3-орунда. Аянты (деңиздери м-н) 76,17 млн км2. Басымдуу бөлүгү Түштүк жарым шарда жайгашкан; түндүгүнөн Азия, батышынан Африка, чыгышынан Австралия, түштүгүнөн Антарктида м-н чектешет. Түштүк-батышынан Атлантика, чыгышынан ж-а түштүк-чыгышынан Тынч океандары м-н туташат. Орточо тереңдиги 3711 м, суусунун орточо көлөмү 282,7 млн км3. Түндүк ж-а түндүк-чыгыш жактарында гана Инди океанынын деңиздери (Кызыл, Андаман, Араб, Тимор, Арафура) ж-а ири булуңдары (Аден, Оман, Перс, Бенгал); түштүк бөлүгүндө Карпентария, Чоң Австралия, Спенсер, Сент-Винсент ж. б. булуңдар, эң түштүгүндө антарктикалык деңиздер (Рисер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымак, Дейвис, Моусон, Дюрвиль) жайгашкан. Материктен бөлүнүп калган эң ири а р а л д а р ы (Мадагаскар, Шри-Ланка, Сокотра) жээкке жакын орун алган. Океандын ачык бөлүгүндө жанар тоо аралдары – Маскарен, Комор, Андаман, Никобар, Сейшель ж. б. орун алган. Тропиктик кеңдиктердеги жанар тоо конустарында шуру аралдары – Мальдив, Лаккадив, Чагос, Кокостуу ж. б. көтөрүлүп жатат.
Т а м а н ы н ы н р е л ь е ф и. Инди океанын жээктей материктик тайыздыктын кууш тилкеси (100 мге чейин) жайгашкан. Анын сырткы чети 200 м, Антарктидага жакын ж-а Австралиянын түндүк-батышында 300–500 мге чейин тереңдикте жатат. Материктик каптал Инд, Ганг ж. б. дарыялардын каньондору ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. Океандын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Зонд аралдар догоосу, ага туташ тереңдиги 7729 м келген Зонд кобулу (Инди океанынын эң терең жери) жатат. Океан таманы кырка тоолор ж-а жалдар аркылуу чуңкурдуктарга (Борбордук, Батыш Австралия, Африка-Антарктида ж. б.) бөлүнгөн. Суу асты кырка тоолордон Чыгыш Инди кырка тоосу меридиан багытында созулуп (узундугу 5000 кмден ашык), түндүгүндө кеңдик багыттагы Батыш Австралия кырка тоосу м-н туташат. Океан ортолук кырка тоосу океандын борбордук бөлүгүнөн үч тармакка – түндүк (Араб-Инди кырка тоосу), түштүк-батыш (Батыш-Инди ж-а Африка-Антарктика кырка тоолору) ж-а түштүк-чыгышка (Борбордук Инди ж-а Австралия-Антарктика кырка тоолору) ажырайт. Океан таманында жанар тоонун атылышынан пайда болгон айрым тоолор (Бардин, Щербаков, Лена ж. б.) бар. Фораминиферлер (материктик капталдарда, кырка тоолордо ж-а чуңкурдуктардын таманында), диатом (50° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө) ж-а шуру (коралл) чөкмөлөрү басымдуу. Кен байлыктары: шельфтерде нефть ж-а газ (к. Перс булуңу нефть жана газ бассейни), монациттүү кумдар, рифт зоналарында – хром, темир, марганец, жез ж. б. кенташтар. Таманында темир марганецтүү конкрециянын зор запасы бар.
Инди океанынын түндүк бөлүгүнүн к л и м а т ы н а Азиядагы жогорку ж-а төмөнкү атмосфералык басымдын мезгил боюнча алмашуусунун негизинде түзүлгөн муссондук циркуляция мүнөздүү. Жайында, Азияда төмөнкү атмосфералык басым күчөгөндө, мында түштүк- батыштан келген экватордук аба, кышында түндүк-чыгыштан соккон тропиктик аба үстөмдүк кылат. 8–10° түштүк кеңдиктерден түштүктө циркуляция көпкө кармалгандыгы м-н айырмаланат (30° кеңдиктерде жогорку басымдын туруктуу облусу өкүм сүрөт). Инди океанынын түштүк бөлүгүндөгү тропик ж-а субтропик кеңдиктеринде түштүк-чыгыш пассат шамалы, мелүүн кеңдиктерде циклондор м-н коштолгон батыш шамалы үстөмдүк кылат. Тропиктик кеңдиктерде жайкысын ж-а күзүндө бороон-чапкын (тайфун) тез-тез болуп турат.
Океандын түндүк бөлүгүндө абанын жайкы орточо температурасы 25–27°С, Африканын жээктеринде 23°Сге чейин. Түштүк бөлүгүндө жайында 30° түштүк кеңдикте 20–25°Сге, 50° түштүк кеңдикте 5–6°Сге, 60° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 0°Сге чейин ж-а андан да төмөн болот. Кышында абанын температурасы экватордо 27,5°Сден түндүк бөлүгүндө 20°Сге, 30° түштүк кеңдикте 15°Сге, 50° түштүк кеңдикте 0–5°Сге чейин, 55–60° түштүк кеңдиктерден түштүгүрөөктө 0°Сден төмөн болот. Ошол эле убакта түштүк субтропиктик кеңдиктерде жыл бою абанын температурасы Мадагаскар жылуу агымынын таасиринен батышында чыгышына караганда (Батыш Австралия муздак агымынын таасиринен) 3–6°Сге жылуу болот.
Г и д р о л о г и я л ы к р е ж и м и. Океандын түндүк бөлүгүндөгү суунун үстүңкү катмарынын циркуляциясы муссондук мүнөздө: жайында түндүк-чыгыш ж-а чыгыш, кышында түштүк-батыш ж-а батыш агымдары үстөмдүк кылат. Кыш айларында 3–8° түштүк кеңдикте Пассат аралык (экватордук) каршы агым күчөйт. Инди океанынын түштүк бөлүгүндө суунун циркуляциясы антициклондук айлампаны пайда кылып, ал жылуу (түндүктөгү Түштүк Пассат, батыштагы Мадагаскар ж-а Ийне тумшук агымдары) ж-а муздак агымдардан (түштүктөгү Батыш шамалдар ж-а чыгыштагы Батыш Австралия агымдары) түзүлөт. Суунун эң жогорку температурасы океандын түндүк бөлүгүндөгү үстүңкү бетинде май айында 29°Сден ашат. Жайында Түндүк жарым шарда суунун темпрасы 27–28°С, Африканын жээгинде гана тереңдиктен чыккан муздак суунун таасиринен 22– 23°Сге чейин төмөндөйт. Экватордо суунун температурасы 26–28°С, 30° түштүк кеңдикте 16–20°Сге, 50° түштүк кеңдикте 3–5°Сге чейин, ал эми 55° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө –1°Сден төмөн. Кышында Түндүк Жарым шардын түндүгүндө суунун температурасы 23–25°С, экватордо 28°С, 30° түштүк кеңдикте 21–25°С, 50° түштүк кеңдикте 5–9°С, 60° түштүк кеңдиктен түштүктө 0°Сден төмөн. Субтропик кеңдиктеринде жыл бою суунун температурасы чыгышына караганда батышында 3–5°Сге жогору. Суунун т у з д у у л у г у анын балансына байланыштуу. Суу балансы орто эсеп м-н Инди океанынын бетиндеги буулануудан (жылына – 1380 мм), жааган жаан-чачындан (1000 мм) ж-а материктик агымдан (70 см/жыл) түзүлөт. Тузсуз суунун көбүн Түштүк Азиянын (Ганг, Брахмапутра ж. б.) ж-а Африканын (Замбези, Лимпопо) дарыялары алып келет. Өтө туздуу жерлери – Перс булуңу – 37–39‰, Кызыл деңиз – 42‰, Араб деңизи – 36,5‰ден ашык. Бенгал булуңунда ж-а Андаман деңизинде туздуулук 32,0– 33,0‰ге, түштүк тропиктерде 34,0–34,5‰ге чейин төмөндөйт. Түштүк субтропик кеңдиктеринде туздуулук 35,5‰ден жогору (эң көбү жайында 36,5‰, кышында 36,0‰), 40° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 33,0–34,3‰ге чейин төмөндөйт. Суунун тыгыздыгы антарктикалык кеңдиктерде 1027 кг/м3, океандын түндүк-чыгышы м-н Бенгал булуңунда 1018, 1022 кг/м3. Суткада эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги жээктерде 5–7 мден 11,9 мге (Камбей булуңунда) чейин, ачык океанда 0,5 мден 1,6 мге чейин. М у з д у к т а р ы антарктикалык кеңдиктерде пайда болуп, шамал ж-а агымдар м-н августта 55°, февралда 65–68° түштүк кеңдиктерге чейин жетет. Айсбергдер айрыкча 40° ж-а 80° чыгыш узундуктардын аралыгында арбын. Инди океанынын тереңдиктеги циркуляциясы ж-а вертикалдык структурасы субтропиктик (суунун үстүңкү бетинин алдындагы катмары) ж-а антарктикалык (аралыктагы суу катмары) кошулуу зоналарынын, Антарктиданын материктик капталы боюнча кеткен (түпкү), ошондой эле Кызыл деңизден ж-а Атлантика океанынан агып келген (тереңдиктеги) суулардан түзүлөт. Үстүңкү беттин астындагы катмар 100–150 мден 400–500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун температурасы 10– 18°Сди, туздуулугу 35,0–35,7‰ни түзөт. Аралыктагы суу катмары 400–500 мден 1000–1500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун темпрасы 4°Сден 10°Сге чейин, туздуулугу 34,2– 34,6‰; 1000–1500 мден 3500 мге чейинки тереңдиктеги суу катмарынын температурасы 1,6–2,8°Сди, туздуулугу 34,68–34,78‰ни түзөт. Түпкү суу катмары 3500 мден терең жатып, түштүгүндө суунун температурасы –0,07°Сден 0,24°Сге чейин, туздуулугу 34,67–34,69‰, түндүгүндө суунун температурасы 0,5°С чамасында, туздуулугу 34,69–34,77‰. Ф л о р а с ы ж-а ф а у н а с ы. Инди океанынын дээрлик бүт аймагы тропик ж-а түштүк мелүүн (ноталь) зоналарында жатат. Тропик зонасынын тайыз жерлерине алты ж-а сегиз жылдыз-