ИНВЕСТОР
ИНВЕСТОР (англ. inuestor – салымчы) – пайда табуу максатында активдерди‚ баалуу кагаздарды же кыймылсыз мүлктү‚ жер участкаларын ж. б. сатып алуу аркылуу капиталды инвестициялоону ишке ашыруучу жеке адам же юридикалык жак. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууну бюджеттен финансылоочу мамлекет‚ мамлекеттик субъект‚ финансы-кредит мекемелери да инвестор болушу мүмкүн. Инвестор – өз өлкөсүнүн экономикасына же чет өлкөгө өзүнүн‚ карыз алынган же тартылган каражаттарын инвестициялоочу инвестициялык ишмердиктин субъектиси.