ИНВЕСТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕСТОР (англ. inuestor – салымчы) – пайда табуу максатында активдерди‚ баалуу кагаздар­ды же кыймылсыз мүлктү‚ жер участкаларын ж. б. сатып алуу аркылуу капиталды инвести­циялоону ишке ашыруучу жеке адам же юридикалык жак. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу­ну бюджеттен финансылоочу мамлекет‚ мамлекеттик субъект‚ финансы-кредит мекемелери да инвестор бо­лушу мүмкүн. Инвестор – өз өлкөсүнүн экономикасы­на же чет өлкөгө өзүнүн‚ карыз алынган же тар­тылган каражаттарын инвестициялоочу инвес­тициялык ишмердиктин субъектиси.