ИНАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 20 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНА́Л , э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар боюнча уруунун аталышы. Тувада 9–10-кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтыр­ган рун эстеликтеринде «ынал» деген сөз кезде­шет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыз­дар жөнүндө маалымат бергенде, алардын падыша­сы «инал» деп аталарын белгилейт. Ушундай эле маалымат Абу-л-Гази Бахадур хандын эм­гегинде да айтылат. Махмуд Кашгари иналга төмөнкүдөй аныктама берет: 1) энеси хан теги­нен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 2) энчилүү ат, титул.