ИНАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНА́Л (айрым учурларда «айнал», «инел» болуп окулушу мүмкүн) – байыркы түрктөрдө колдонулган титул жана тактынын мураскору. X–XI кылымдагы огуз-түркмөн коомунун социалдык-саясий баскычында «иналдар» жогорку орундардын бирин ээлеп турган. Соңку орто кылымга тиешелүү жазма маалыматтарда (кара: Рашид ад-Дин) кыргыздар өз башчысын да «инал» деп аташкан, ал сөз моңголдордогу «каан», тажиктердеги «падшах» деген титул менен барабар экени айтылат. Тывада IX–X кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтыр­ган руна эстеликтеринде «ынал» деген сөз кезде­шет. Л. Будагов да тоолук (Тянь-Шань, Памир) кыргыздарда бул термин «падыша, хан» менен тектеш мааниде колдонулуп жүргөнүн көрсөтөт. С. Е. Яхонтовдун пикиринде Кытай тарыхый булактарында бул титул «к-iê niet» түрүндө жолугуп, баш тамгасы үндүү болгондуктан тыбышы боюнча «инал» (inäl) деп окула турганы белгиленет. Анда ал энчилүү атка (Инэл-каган) байланыштуу эскерилген жана мааниси жагынан «ажо» деген сөзгө жакын деп чечмелеген. Мындай термин «князь» деген мааниде Түндүк Кавказда жашаган айрым этностордо да кезигет. 1) энчилүү ат, титул энеси хан теги­нен, 2) атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 3) ават уруусундагы геноним, .

Ад.: Родословное древо тюрков. Сочинение Абуль-Гази, Хивинского хана. Перевод и предисловие Г. С. Саблукова. Казань, 1906; Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз». //Советская этнография. 1970.