ИМПОРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 20 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́МПОРТ (лат. importо – киргизем) – товар‚ технология‚ кызмат көрсөтүү‚ баалуу кагаз ж. б-ды алып кирип жаткан өлкөнүн ички ры­ногунда сатуу максатында чет мамлекеттен алып келүү; алып чыгуунун – экспорттун каршысы. Материалдык баалуулуктардын импорту (көрүнөө импорт) өлкөнүн эл чарба түзүлүшүнө‚ анын эл аралык эмгекти бөлүштүрүүдөгү ордуна‚ жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүгүнө көз каранды. Дүйнө­лүк импорттун көлөмү‚ динамикасы‚ түзүлүшү туу­ралуу маалымат БУУнун «Мonthly Bulletin of Statistics» статистикалык бир айлыгында үзгүлтүксүз жарыяланат. Өнүккөн өлкөлөрдө азыркы учурда көрүнөө импорт курамында өнөр жай то­варларынын‚ анын ичинде машиналардын ж-а жабдуу­лардын салыштырма салмагы көбөйөт. Өнүгүп жаткан өлкөлөр машиналар м-н жабдуулардын импортунан тышкары азык-түлүктү да импорттойт. Көрүнөө импорттон башка көмүскө импорт да болот. Анын курамында төмөнкү топтор бар: жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуу м-н байланышкан чыгым­дар, камсыздандыруу, илимий-техникалык билимдер, фир­малардын ж-а жеке адамдардын которуулары, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүлөр. Өнүккөн өлкөлөрдө көмүскө импорт анын экспортунан ашат. Импортту жөнгө салуу үчүн бардык өлкөлөр улуттук кызыкчылыктын өңүтүнөн тигил же бул дара­жада протекциялык чараларды (бажы, лицен­зия системасы ж. б. рычагдар) пайдаланат.