ИМПОРТ
И́МПОРТ (лат. importо – киргизем) – товар‚ технология‚ кызмат көрсөтүү‚ баалуу кагаз ж. б-ды алып кирип жаткан өлкөнүн ички рыногунда сатуу максатында чет мамлекеттен алып келүү; алып чыгуунун – экспорттун каршысы. Материалдык баалуулуктардын импорту (көрүнөө импорт) өлкөнүн эл чарба түзүлүшүнө‚ анын эл аралык эмгекти бөлүштүрүүдөгү ордуна‚ жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүгүнө көз каранды. Дүйнөлүк импорттун көлөмү‚ динамикасы‚ түзүлүшү тууралуу маалымат БУУнун «Мonthly Bulletin of Statistics» статистикалык бир айлыгында үзгүлтүксүз жарыяланат. Өнүккөн өлкөлөрдө азыркы учурда көрүнөө импорт курамында өнөр жай товарларынын‚ анын ичинде машиналардын ж-а жабдуулардын салыштырма салмагы көбөйөт. Өнүгүп жаткан өлкөлөр машиналар м-н жабдуулардын импортунан тышкары азык-түлүктү да импорттойт. Көрүнөө импорттон башка көмүскө импорт да болот. Анын курамында төмөнкү топтор бар: жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуу м-н байланышкан чыгымдар, камсыздандыруу, илимий-техникалык билимдер, фирмалардын ж-а жеке адамдардын которуулары, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүлөр. Өнүккөн өлкөлөрдө көмүскө импорт анын экспортунан ашат. Импортту жөнгө салуу үчүн бардык өлкөлөр улуттук кызыкчылыктын өңүтүнөн тигил же бул даражада протекциялык чараларды (бажы, лицензия системасы ж. б. рычагдар) пайдаланат.