ИМПИЧМЕНТ
ИМПИ́ЧМЕНТ (англ. impeachment – айыптоо, күнөөлөө) – жасаган кылмыштары үчүн мамлекеттик жогорку кызмат адамдарын (президентти, министрлерди, сотторду) кызматтан четтетүү ж-а жоопко тартуу. Импичмент институту алгач Англияда пайда болуп, 20-кылымдын аягында бардык цивилизациялуу мамлекеттердин конституцияларына киргизилген. АКШнын Конституциясы импичмент иретинде президентти, вице-президетти, сотторду ж-а жарандык кызмат адамдарын, Италия, Франция, Германия, Россия ж-а Кыргызстан президентти, Япония сотторду гана айыптоо мүмкүндүгүн карайт. Импичментте жоопкерчиликке тартууну, сотко берүүнү, ишти кароону мыйзам м-н бекитилген өзгөчө тартиптин ж-а процедуранын негизинде парламент ишке ашырат.