ИМПИЧМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПИ́ЧМЕНТ (англ. impeachment – айыптоо, күнөөлөө) – жасаган кылмыштары үчүн мамлекеттик жогорку кызмат адамдарын (президентти, ми­нистрлерди, сотторду) кызматтан четтетүү ж-а жоопко тартуу. Импичмент институту алгач Англияда пай­да болуп, 20-кылымдын аягында бардык цивилиза­циялуу мамлекеттердин конституцияларына киргизилген. АКШнын Конституциясы импичмент ире­тинде президентти, вице-президетти, сотторду ж-а жарандык кызмат адамдарын, Италия, Франция, Германия, Россия ж-а Кыргызстан прези­дентти, Япония сотторду гана айыптоо мүм­күндүгүн карайт. Импичментте жоопкерчиликке тартуу­ну, сотко берүүнү, ишти кароону мыйзам м-н бекитилген өзгөчө тартиптин ж-а процедуранын негизинде парламент ишке ашырат.