ИМПЕРИЯ
ИМПЕ́РИЯ (лат. imperium – бийлик, мамлекет) – 1) башында император турган кээ бир монархиялык мамлекеттердин аталышы. Көбүнчө курамына башка элдердин жерин зордоп кошуп алган аймагы кеңири мамлекет. Рим мамлекети да б. з. ч. 1-кылымдын аягынан империя атала баштаган. Кийинчерээк Византия, Франк мамлекети да империя деп аталат. Падышалык Россия Пётр Iден (1721) монархия кулаганга чейин (1917) империя болгон. Наполеон IIIнүн тушунда Франция, 1871-жылдан 1918-жылдагы революцияга чейин Германия империя аталган; 2) бөтөн элди басып алган аймагы зор ири мамлекет. Империяны метрополия ж-а карамагындагы жерлер түзөт (мисалы, Улуу Британия карамагындагы бардык жерлери м-н Британ империясы деп аталган).